Коом

«Ак-Ордо» конушунда үйдү бузуу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлгөн

«Ак-Ордо» конушунда үйдү бузуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук бөлүмүнүн өндүрүшүндө Ново-Павловка айылы, Проектируемая көчөсү, 2012-үй дареги боюнча мыйзамсыз курулушту бузуу тууралуу чечим бар.

Такталгандай, 2026-жылдын 4-мартында карыз тараптар К. уулу Н. жана И.Р.га сот чечимин ыктыярдуу аткаруу сунушу тапшырылган. Бирок белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес. Андан кийин сот чечимин мажбурлап аткаруу 21-апрелге дайындалган. Ал эми 17-апрелде боло турган бузуу иштери тууралуу жазуу жүзүндө эскертилген.

Кызматтан кошумчалашкандай, аткаруу иш-чаралары тууралуу алдын ала Ленин райондук ички иштер башкармалыгына, Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Сокулук РЭСине кабар берилген.

Окуя болгон жерде ӨКМдин атайын техникасы тартылып, тез жардам бригадасы нөөмөттө турган, коомдук тартипти милиция кызматкерлери камсыздаган.

Ведомство белгилегендей, учурда мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча 129 иш аткарууда турат. Алар көп жылдар бою аткарылбай келген. Бардык иштер көзөмөлгө алынган. Эгер сот чечимдерин аткарууга тоскоолдук кылынса, материалдар ички иштер органдарына өткөрүлүп, кылмыш ишин козгоо маселеси каралат.

Бул окуя боюнча милиция да түшүндүрмө берди. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, аткаруу өндүрүшүнө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 2-октябрындагы чечими негиз болгон. Ал чечим 2025-жылдын 4-мартында мыйзамдуу күчүнө кирген.

Милиция белгилегендей, сот чечимдерин аткаруу, анын ичинде көчүрүү жана объекттерди бузуу сот аткаруучулардын ыйгарым укугуна кирет. Ички иштер органдары мындай иштерге түздөн-түз катышпайт жана процессуалдык чечимдерди кабыл албайт.

Ошондой эле милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн гана тартылганы айтылды.

Эске салсак, кечээ «Ак-Ордо» турак жай массивинде үйдү бузуу учурунда бир эркек өзүнө кол салууга аракет кылган. Күбөлөрдүн айтымында, ага тез жардам чакырылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button