Коом

Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн 44-отуруму болду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 10-сентябрында  Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин кырк төртүнчү отуруму болуп өттү.

2025-2026-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чарага «ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө бирге» урааны астында Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегациялары жана ШКУнун РАТС Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелеринде ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызматташтыгын координациялоо маселелери боюнча ШКУ РАТС Кеңешинин мурда кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү каралды, ошондой эле ШКУ РАТС Аткаруу комитетинин, «үч каардуу күчкө»каршы аракеттенүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча эксперттик топтордун иш пландары бекитилди.

Терроризмди, сепаратизмди жана экстремизмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн, ошондой эле маалымат алмашуунун кошумча механизмдери иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын  демилгеси боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу Террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн орун которуштуруусуна бөгөт коюу, ошондой эле жазыктык сот өндүрүшүндө санариптик далилдерди пайдалануу максатында чечимдер кабыл алынган.

2026-жылы Эл аралык террористтик уюмдарга каршы биргелешкен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү макулдашылды.

Кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эксперттик иш-чараларды, анын ичинде интернет тармагын Террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө практикалык семинарларды өткөрүү пландаштырылган.

ШКУнун РАТС кеңешине төрагалык кылуу кезектеги мезгилге Кыргыз Республикасынан Пакистан Ислам Республикасына өттү.         

Тектеш кабарлар

Back to top button