Саясат

Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттердин муфтийлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгындагы маанилүү багыттардын бири – дин жаатында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.

“Биз ыйман менен адептин, биримдик менен ынтымактын дини болгон Исламдын баалуулуктарын түрк дүйнөсүнүн улуттук наркы, салты менен айкалыштырып, жалпы элибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга тийишпиз. Бул, өз кезегинде, коомдун адеп-ахлагын чыңдайт.

Ошондуктан, сиздердин жыйыныңыздар жалпы түрк мамлекеттеринин руханий биримдигин бекемдеп, бир туугандык жана боордоштук мамилелерибизди арттырууда чоң мааниге ээ”, — деди президент.

Ал Кыргызстан көп конфессиялуу жана көп этностуу өлкө экенин белгиледи. Калкыбыздын 90 пайызын мусулмандар түзөт.

“Ушундан улам, акыркы жылдары Кыргызстанда дин жаатында бир катар реформалар жүргүзүлүп, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына – муфтиятка ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет.

Мына быйыл Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп кайра түзүлүп, менин жеке көзөмөлүмө кирди.

Ошону менен катар, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатында Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылганы турат”, — деди Садыр Жапаров жана жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы азыркы заманда ар кандай диний агымдар көбөйүп, жаштар интернет жана социалдык тармактар аркылуу алардын таасирине кантип кирип кеткенин билбей жатышканын өзгөчө белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров руханий лидерлердин негизги милдеттеринин бири жаш муунду ата-бабаларыбыздан калган салттуу диний баалуулуктардын негизинде тарбиялоо экенин баса көрсөттү. Ал коомго ар кандай тескери агымдарга азгырылбаган, ыйманы таза, ар кыл билимге эгедер, нарк-насилге сугарылган, сабаттуу жаштар керектигин ырастады.

Тектеш кабарлар

Back to top button