Коом
Чүйдө эки кичинекей бала бычакталып өлтүрүлгөн. Шектүү катары энеси кармалды

Чүйдө 12 жаштагы кыздын жана 2 жаштагы наристени бычактады деген шек менен энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрда саат 19:28 чамасында Чүй районундагы үйлөрдүн биринен жашы жете элек балдардын сөөгү табылган.
«Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ чыгып, 12 жаштагы кыз жана 2 жаштагы наристенин сөөгүн бычактан алган жаракаттар менен тапкан. Факты боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, балдардын сөөгү Токмок шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди. Зарыл соттук-экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү катары маркумдардын М.М. аттуу энеси кармалды.



