Саясат
Алматы менен Караколдун ортосунда аба жолу ачылат

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы «Казаэронавигация» менен биргеликте Алматы жана Караколдун ортосунда Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба трассасын ачуу боюнча келишимге кол коюшту.
«Жаңы трасса 1970-жылдары эле болгон багытты кайра жандандырат жана «Каркыра —автожол» чек ара бекетинин жанынан өтөт. Ишке киргизүүнүн алдында «Beechcraft King Air 360» учагында биргелешкен жер үстүндөгү текшерүү жүргүзүлүп, маршруттун эл аралык стандарттарга шайкештиги тастыкталды.
Транспорттук маанисинен тышкары, маршрут туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүүгө багытталган: жай мезгилинде — Ысык-Көл аймагына жана тоолуу райондорго саякаттоо үчүн, ал эми кышында — Караколдун лыжа базаларына жетүү үчүн», — деп айтылат расмий маалыматта.



