Коом

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын жетекчилерине онлайн-кеңешме өткөрдү

Онлайн-кеңешмеге ЖКККББнын жетекчилиги, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын начальниги, ИИМдин ЖКККББнын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы, Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын жана Ош шаардык ИИБгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн жетекчилери катышышты.

«Өзгөрүү жана кошумчалар Бузуулар жөнүндө кодекинде одоно бузууларына кана киргизилген, алар адам өлүмнө  жана оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарына жол берүүчү бузуулар, бул чечим оор  жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу максатында кабыл алынган, сиздер жер-жерлерде жарандарга кайсыл  жазалар күчөтүлгөндүгүн так, жалпак тил менен түшүнүшүндүрүп бериңиздер.»- деп Октябрь Урмамбетов жекекчилерге тапшырма койду.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жогорку кызматтык тартиби, мамлекеттик укук коргоо түзүмү катары ички иштер органдарынын натыйжалуу иштешинин маанилүү шарты болуп саналат. Октябрь Урмамбетов мамлекет башчысы жана ички иштер министри тарабынан жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү, Жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларды күчөтүү, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында үгүт-алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча коюлган милдеттер тууралуу баарына эскертти.

Ички иштер министринин орун басары баса белгилегендей, ички иштер органдарында кызматтык тартиптин жогорку деңгээлин камсыз кылуу бир катар каражаттар аркылуу ишке ашат, алардын ичинен кызматкерлердин тартиптик жоопкерчилигин бөлүп көрсөтүү керек.

«Ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанилүү бөлүгү болуп жарандардын ишенимине ээ болуу болуп саналат.

Жарандардын баа берүүсү боюнча, сиздердин аткарган иштериңиздерге жалпы пикир берилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган өздүк курамдын арасында абийирсиз, таза эмес иштеген жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган кызматкерлер, анын ичинде жетекчилери тазаланат, жазага тартылат»- деп Октябрь Урмамбетов белгиледи.

ИИМдин Ички иликтөө кызматына кызматтык тартип бузууларды аныктоо жана алдын алуу, айрым ИИБнын кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Жыйында кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында конкреттүү сунуш көтөрүлдү.

Онлайн-кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин алдына бир катар милдеттер коюлду: ИИМдин жетекчилиги тарабынан мурда коюлган милдеттерди аткаруу боюнча ишти күчөтүү, кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүү, жолдордо коопсуз кыймылды камсыздоо, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча чараларды көрүү, — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button