Коом
Айдоочулук күбөлүктү кантип алмаштырууга болот?

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алуу жана алмаштыруу тартиби жаңыланып, жарандарга онлайн кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү киргизилди.
Онлайн алмаштыруу кызматы
Министрлер кабинети бекиткен токтомго ылайык, улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана жоголгон учурда жаңысын алуу «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана мобилдик тиркемелер аркылуу жеткиликтүү болду.
Жарандар төмөнкү шарттарда онлайн кызматты пайдалана алышат:
- күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндө;
- жеке маалыматтары өзгөргөндө;
- документ жараксыз болуп калганда;
- күбөлүк жоголгондо.
Онлайн алмаштыруу үчүн эмне керек?:
- «Айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу» кызматына онлайн арыз берүү;
- Сүрөт аркылуу аралыктан идентификациядан өтүү;
- Почта аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү;
- Төлөмдү QR код аркылуу электрондук түрдө жүргүзүү.
Арыз «Айдоочулардын реестри» маалыматтык системасына түшкөн соң, жаранга документ кабыл алынгандыгы жөнүндө автоматтык билдирүү жөнөтүлөт.



