Коом

23-24-сентябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймактарында 23-сентябрдын күндүзү жана 24-сентябрдын түнүндө туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы расмий билдирүү жасады.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт деп күтүлүүдө.

Мындан сырткары, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +8…+13 күндүз +18…+23

Талас облусу түнкүсүн +6…+11 күндүз +18…+23

Баткен облусу түнкүсүн +12…+17 күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +12…+17 күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +3…+8 күндүз +14…+19

Нарын облусу түнкүсүн +3…+8 күндүз +16…+21

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +18…+20 градус болот. Чолпон-Ата шаарында мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +14…+16 градус болот.

Кыргызгидромет мындай туруксуз аба ырайы автоунаа жолдорунун, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине терс таасирин тийгизиши, ошондой эле жайыттарда мал кармоону кыйындатышы мүмкүн экенин эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button