Коом
Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Өлкөнүн айрым аймактарында аба ырайынын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
24-25-сентябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Чүй облусунун тоо этектеринде үшүк (-2 градуска чейин) жүрүшү ыктымал.
Бул мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана жабылбаган картошка менен кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн.



