Дыйкандар 6 гектар жерден 2 млн сомдон ашык пайда көрдү

Чүй районунун тургуну 6 гектар жерге пияз эгип, 2 млн сомдон ашык пайда көрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Биримдик айыл аймагынын тургуну Батырбека Мукан уулу «3+2+1» долбоорунун алкагында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ар тараптуу колдоосу голландиялык «Манас» сортундагы пияз өстүрүп, бүгүнкү күндө түшүмүн жыйноо иштерин аяктады.
Ал бир гектар жер аянтынан орточо 50 тоннадан, жалпы 6 га жер аянтынан 300 тонна пияз жыйнап алган. Бул эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Бир кг пияз ортомчуларга 12 сом 50 тыйындан сатылгандыгын белгилейт дыйкан.
Ал эми бир гетар жер аянтка орточо 250 миң сом сарпталса, бир гетардагы кирешеси орточо эсеп менен 625 миң сомду түзгөн. Ошондо дыйкан бир гектар жерден таза 375 миң сом таза киреше көргөн. Ошондо 6 гектар аянттан жалпысынан орточо эсеп менен 2 млн сомдон ашуун пайда тапкан. Бул дыйкандын жасаган тажрыйбасы райондун дыйкан-фермерлерине жайылтылууда.



