Коом

Пусан кинофестивалында Кыргызстандын «Курак» тасмасы эки сыйлыкка ээ болушту

Кыргызстандын “Курак” тасмасы юбилейлик Пусан кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу КР Маданият министрлиги билдирди.

Эл аралык кинофестивал 17-сентябрдан 26-сентябрга чейин Кореяда өткөн.

Режиссер Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиев тарткан “Курак” тасмасы эки сыйлыкка ээ болду. Бангладештин Июль мемориалдык сыйлыгы жана Ким Жисок сыйлыгы. Бул дүйнөлүк аренада кыргыз киносунун кадыр-баркын көтөргөн олуттуу окуя болду.

Маданият министрлиги быйыл Бишкек эл аралык кинофестивалы Пусан кинофестивалында “Азия көрүнүшү” сынагынын расмий өнөктөшү болгонун белгиледи. Бул кызматташуунун алкагында кыргыз тарап индонезиялык режиссёр Реза Рахадяндын “Колуңда отурган” тасмасына атайын сыйлык ыйгарды.

«Пусан кинофестивалы Азия жана дүйнөлүк кинематографиянын алдыңкы өндүрүштүк жана чыгармачылык борборлорунун бири болуп саналат. Кыргызстандын катышуусу улуттук киноиндустриянын жаңы деңгээлге чыгышына, эл аралык деңгээлде таанылууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө түздү», — деп кошумчалашты министрликтен.

Тектеш кабарлар

Back to top button