Дүйнө
АКШ: Өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кете турган өспүрүм мигранттарга $2500 сунуш кылууда

АКШдан өз ыктыяры менен чыгып кете турган жаш мигрант өспүрүмдөргө АКШнын Ички коопсуздук министрлиги тарабынан 2500 доллардан төлөп берүүсүн сунуштайт. Бул тууралуу интернет булактарына кабар берди.
Маалыматка караганда, төлөмдөр 14 жаштан жогору болгон улуулардын коштоосу жок жүргөн жашы жете электерге берилет. Бул сунуш Качкындарды жайгаштыруу башкармалыгынын камагында турган мексикалыктарга же жашы жете электерге тиешелүү эмес экендиги айтылды.
Ушул жылдын башында АКШ бийлиги бойго жеткен мыйзамсыз мигранттарга өлкөсүнө өз ыктыяры менен кайтып кетүүсү үчүн 1000 доллардан сунуштаган.



