Коом

Адылбек Касымалиев: Кыргыз элин электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

КР Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бардык министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу Касымалиев 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешмесинде  билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт
кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөрүн кошумчалады.

Бирок ошентсе да, Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.

 

Тектеш кабарлар

Back to top button