Кара-Балтада 48 жаштагы адамдын жансыз сөөгү табылды

Кара-Балта шаарында ур-токмоктун айынан каза болгон кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү саат 07:29 чамасында Лермонтов көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган үйдөн 48 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери, тактап айтканда, жаракаттар болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө маалында маркумдун туруктуу жашаган жери жок экени жана ошол үйдө убактылуу жашап жүргөнү такталган. Каза болордон мурда ал белгисиз адам менен спирттик ичимдик ичип жүргөнү аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, шектүү катары мурда соттолгон 33 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды. Учурда иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.



