Окуялар
Кыргызстанда жер титирөө катталды

Бүгүн, 16-апрелде эртең менен Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:57де катталган. Жер титирөө очогунда күчү болжол менен 4,5 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу төмөнкү калктуу конуштарда жайгашкан:
- Коңорчок айылынан түндүктү көздөй 18 км;
- Чолок-Кайың айылынан түндүк-батышты көздөй 16 км;
- Баетов районунун борборунан түндүк-батышты көздөй 28 км;
- Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 115 км.
Жер титирөө Коңорчок жана Чолок-Кайың айылдарында 3,5 балл, Кош-Булак, Жаңы-Тилек айылдарында жана Баетов районунун борборунда 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.



