Дүйнө
Японияда алгачкы ирет аял киши премьер-министр болуп шайланды

Япониянын 104-премьер-министринин кызматын ээлеген Санаэ Такаити биринчи айым болду. Парламенттеги добуш берүүдө ал 465 добуштун ичинен 237 добуш алды. Такаити 64 жашта.
Такаити мурдагы премьер-министр Синдзо Абэнин шакирти деп эсептелет жана анын экономикалык саясатын, башкача айтканда, «абэномиканы» (чыгашалар жана реформалар аркылуу экономиканы колдоо) жактайт.
Ал бир жыныстуу никеге, турмушка чыккандан кийин кыздардын өз фамилиясын сактап калуусуна жана аялдардын такты мурастоосуна каршы. Ошондой эле Япониянын пацифисттик Конституциясын өзгөртүүнү каалайт.
Жеке жашоосунда Такаити бир эле кишиге 2 жолу турмушка чыккан. Ал оор музыканы жакшы көрөт жана барабанда ойнойт, мурда мотоциклдерге кызыкчу.


