Коом

Камчыбык Ташиев КР Эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды

Бүгүн, 22-октябрда, КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев тарабынан муктаж болгон маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиреткулов Хабибилла Мустапакуловичке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.


Буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгондугу, көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу УКМК төрагасы К.К.Ташиевге жөнөтүлгөн.


Кайрылуунун натыйжасында Х.Азиреткуловдун оор турмуштук жагдайын жакшыртууга көмөк көрсөтүү иретинде Бишкек шаарынын кичи райондорунун бириндеги 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Белгилей кетсек, Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында иштеп, ушул күнгө чейин турак жайлуу болгон эмес. 8 балалуу болуп, анын төртөөсү бойго жетелектер.

Азыркы учурда пенсия жашына жетип, 66 жашында Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенет.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн Президентинин тапшырмаларына ылайык, УКМК жетекчилиги тарабынан бардык тармактардын муктаждыгын чечүүгө, анын ичинде маданият тармагына да көңүл бөлүнүүдө.

Алсак, быйыл УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин спортзалын салып берип, андан сырткары жаңы заманбап окуу жай имаратынын курулушун баштады.

Тектеш кабарлар

Back to top button