Окуялар

УКМК: Шантаж кылып, коркутуп, күч колдонуп акча алган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

2023-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан  КР Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөгөн 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды.

Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button