Дүйнө

Украинанын президенти жарандарга курал таратууга уруксат берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралдагы атайын брифингде аскерлер жардамга муктаж экенин билдирип, Украинанын суверенитетин коргоону каалаган жарандардын баарына курал таратыла баштаганын белгиледи.

“Биздин элдин келечеги азыр ар бир жарандан көз каранды. Курал кармоо тажрыйбасы бар ар бир киши Украинаны коргоого кошулса болот. Бул үчүн алар тиешелүү борборлорго келиши керек. Ички иштер министрлиги мамлекетти коргоо үчүн ардагерлерди да тарта баштады”, — деди ал.

Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын чабуулуна татыктуу жооп кайтарып, кармаш өлкөнүн дээрлик бардык аймагында уланып жатканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button