Коом
Эртең, Жалал-Абад шаары Манас болуп өзгөрөт

Эртең, 27-сентябрда Жалал-Абад шаары Манас болуп расмий өзгөрөт. Эскерте кетсек, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Ошондон улам 27-сентябрь — Манас шаарынын күнү болуп бекитилгендигин мэриянын маалымат кызматкери билдирди.
Айта кетсек, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Ал эми, шаардык мэри атын өзгөртүү элдин талабы болгону айтылган. Кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосун таап, Министрлер кабинети шаардын атын өзгөртүүдө мамлекет 15 миллион сомдук чыгым кетерин билдирди.



