Коом

Ала-Бука — Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Жумушчу сапарынын алкагында ал Ала-Бука — Чаткал унаа жолунун абалы менен таанышып, президенттин колдоосу менен аталган автожолду асфальттоо каралганын, иш жакынкы арада башталарын билдирди.

Ала-Бука — Чаткал унаа жолу совет мезгилинен бери оңдолгон эмес. Министр Тилек ТекебаевЖогорку Кеңештин депутаттары жана аймакты тейлеген жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Таш-Көмүр — Ак-Суу — Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышып келди. Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button