Коом
Коронавирус. 358 кишиден аныкталып, алты бейтап каза болду

Бир суткада 358 кишиден вирус аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 163,
Ош шаары — 64,
Чүй облусу — 64,
Ош облусу — 19,
Талас облусу — 2,
Нарын облусу — 3,
Ысык-Көл облусу — 20,
Жалал-Абад облусу — 18,
Баткен облусу — 5 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 105 миң 469 киши вируска чалдыгып, 1 миң 821 бейтап көз жумду.



