Саясат

Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган.

Министрлер кабинетинин төрагасы жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына, ошондой эле эл аралык III инвестициялык форумга катышат.

Мындан тышкары, энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өтөрү айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button