Каракол шаарында тооночулукка шектелип эки жаран кармалды

Июнь айынын ортосунда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-апрелде шаардагы сейил бакта Амаль жана Станислав аттуу эки чала тааныш жигит коркутуп, «Айфон 13» уюлдук телефонун тартып алышкан.
Кийинчерээк, 14-июнда, ошол эле балдар коркутуу жолу менен бул жолу дагы бир «Редми» телефонун ээлеп алышкан.
Арыз Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган. Алар Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары А.А. жана Е. С. болуп, шаардык милициянын тергөө кызматына жеткирилген.
Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү мезгилинде эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.



