Коом

Бишкекте “Бренд Хаус” курулуш компаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында “Бренд Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору Э.Н. алдамчылыкка шектелип кармалды.

Октябрь РИИБ билдиргендей, 2025-жылдын 25-июнунда “И.” турак жай комплексинин үлүшчүлөрү тарабынан башкы прокурорго кайрылуу келип түшкөн. Алар Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жетекчилерине, тактап айтканда “ХанСтрой” ЖЧКсынын башкы директору Э.Н. жана башка адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Анткени алар 2021–2024-жылдары архитектура кызматынан уруксат берүүчү документтери болбосо да, үлүшчүлөрдөн ири өлчөмдөгү акча чогултушкан, бирок үйдүн курулушун бүтүрүп берүү боюнча милдеттемелерин аткарышкан эмес жана алынган каражаттарды максатсыз пайдаланышкан. Аталган факт боюнча алдамчылык беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 1987-жылы туулган Э.Н. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жарандар жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышка чыкса болот: 0(553) 21-20-23, 0(555) 96-61-12 же 102.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Бренд Хаус» курулуш компаниясынын жетекчиси — Акматалиев Нурсултан Мураталиевич. Ээлери — Давлянова Нилуфар Мойдинжановна, Эшбаев Нурлан Мураталиевич, Мойдунов Мирбек Кудайбердиевич, Акматалиев Нурсултан Мураталиевич. Октябрь РИИБдин маалыматындагы инициалдарга Эшбаев Нурлан Мураталиевичтин аты-жөнү туура келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button