Коом

Борбор калаада №66 жаңы электробус каттамы жүрө баштады

15-ноябрдан тартып борбор калаада №66 жаңы  электробус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Көлмө конушунан 8-кичи районго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштады.

Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү — Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси — Бейшеналиева көчөсү —  Киев көчөсү — Байтик баатыр көчөсү — Токомбаев көчөсү,  ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.

Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.

Бишкек мэриясы шаарын тургундарын коомдук транспортту таза жана кубаттагычтарды абайлап колдонууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button