Имамидин Ташов айткан маалымат жалган болуп чыкты

Кыргызстандан чыгып кетип, учурда бозгунда жүргөн Имамидин Ташов жакында видео кайрылуу жасап, журналисттерди көңүл буруп коюга чакырган.
Анда, Манап аттуу кишиге Ысык-Көлдөгү “Роял Бич” эс алуу жайында жайгашкан, баасы 300 миң долларлык коттеджин өткөрүп бергенин айткан. Ташовдун айтымында, Манап аттуу жаран коттеджди Камчыбек Ташиевге белекке бермек болгон.
Манап аттуу жаран менен байланыштык.
“Имамидин Ташов мага келип, “Ысык-Көлдө коттеджим бар, ошону берейин, жумуштарымды бүтүрүп бер. Бийликтегилер менен жакшы экенсиз, ортого түшүп бериңиз деп кайрылганы чын. Бирок мен анын сунушун кабыл алган эмесмин”-деп жооп берди.
Ташов айтып жаткан коттедждин дареги боюнча кадастрдагы маалыматтарды текшерип чыктык. Аталган коттедж учурда Ташов Имамидин Асамидиновичтин өзүнө катталып турат. Эч кимге өткөрүп берген эмес. Документ боюнча 2016-жылдан тарта өзүнүн наамында катталып турат.
Демек, Имамидин Ташов социалдык байланыш тармактары аркылуу жалган билдирүү тараткан. Анын маалыматы аныкталган жок, жалган болуп чыкты.





