Тай-Мурас Ташиев социалдык тармактарга тараган аудиожазуу боюнча комментарий берди

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас «Регион ТВге» социалдык тармактарга тараган аудиожазуу боюнча комментарий берди.
Эске салсак, жазууда Тай-Мурас Ташиев менен саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун ысымдары аталганы айтылган. Видеодо алар Жалал-Абад облусунда баасы, жазуунун авторлорунун айтымында, миллиондогон доллар менен эсептелген заводду рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси болушу мүмкүн деген доомат келтирилет.
«Ал жерде эч кандай завод болгон эмес. СССР тарагандан кийин алар калбай эле калган. Алар элди адаштырып жатышат. Чынында мен аны сатып алгам. Жаңылышпасам, бул 2022-жылы болгон. Эч кандай рейдерлик басып алуу болгон эмес. Канча төлөгөнүм эсимде жок, болжол менен 470 миң доллардай болсо керек. Ал жерде кандайдыр бир темир-терсек бар болчу, аны кийин сатуучу алып кеткен. Ошондой эле өрттөн жабыркаган имарат бар эле. Биз мунун баарын бузуп, 41 гектар жерге мектеп курууну каалаганбыз. Сатып алууда ортомчу катары Бакыт Төрөбаев болгон, анткени сатуучу анын тууганы болуп чыккан. Төрөбаев бааны түшүрүүгө жардам берген», — деди Тай-Мурас Ташиев.
Ал заводдун жанындагы бир нече үйдү жана дүкөндү да сатып алып, ал жерге балдар аянтчасын курууну пландаганын кошумчалады.
«Үй-бүлөмдү, өзгөчө атамды каралоого аракет кылышууда. Азыр ыйык Рамазан айы, биз баарын кечиребиз. Баары Кудайдын эрки менен», — деп жыйынтыктады Ташиевдин уулу.



