Коом

Борбор калаада «Чыңгыз Айтматов планетасы» аттуу интеллектуалдык иш-чара болот

Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун керемет дүйнөсүнө жол ачкан «Чыңгыз Айтматов планетасы» аттуу оюн-зоок менен коштолгон интеллектуалдык иш-чара өтөт.

Маалыматка караганда, оюн 27-ноябрда саат 15:00дө Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы корпусундагы чоң залында өтөт.

Иш-чаранын программасы:

-Айтматовдун турмуш жолу боюнча «орбиталык» саякат;

-анын романдары менен повесттеринин «материктерине» конуу;

-киноленталарын, чыгармаларынын үн дүйнөсүн изилдөө;

-дүйнөлүк адабиятка из калтырган легендарлуу каармандар менен «жүзмө-жүз» таанышуу.

Бул квиз — экзамен эмес, жазуучунун керемет дүйнөсүнө кызыктуу саякат. Айрым чыгармаларды толук окуп жетишпегендер үчүн да тапшырмалар жеңилдетилген логикалык суроолор, визуалдык табышмактар жана аудио-белгилер менен коштолот.

Тектеш кабарлар

Back to top button