Коом
Марат Тагаев менен Айнура Аскарова маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Надырбеков Союзбек Надырбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Министрлер кабинетинин башчысынын башка буйругу менен Тагаев Марат Төлөмүшевич жана Аскарова Айнура Алмасбековна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалышты.



