Коом

Кыргыз мамлекетинин туусунун авторлорунун бири Жусуп Матаев дүйнөдөн кайтты

17-сентябрда 69 жашында Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, эл сүрөтчүсү, «Даңк» медалынын ээси Матаев Жусуп Матаевич дүйнөдөн кайтты.

Жусуп Матаев 1956-жылы 21-февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Аны менен коштошуу зыйнаты бүгүн саат 11:00дө Кыргыз драмтеатрында өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button