Коом

“Манас” аэропортунда абал жакшырып, каттамдарды кабыл алууда

«Манас» эл аралык аэропортунда көрүнүү 3 миң метрди түзүп, бул нормадагы 800 метрден жогору. Учурда аба майданы каттамдарды кабыл алууда. Бул тууралуу «Кыргызстан эл аралык аэропорттору» ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым рейстер дагы эле кечигүүдө.

«Бирок бул аэропорттун иши токтоп калганына байланыштуу эмес.
Кечигүүлөр кечээ болгон тумандын кесепетинен жаралган. Мурда кармалган рейстер жакын арада Бишкекке уча баштайт», — деп түшүндүрүштү компаниядан.

Буга чейин 2026-жылдын январынан тартып «Манас» аэропортунда каттамдардын токтотулушу жана кечигүүсү токтошу мүмкүн экени маалымдалган. Анда аба майдандын жарык-сигналдык жабдууларынын категориясы биринчи деңгээлден үчүнчү деңгээлге көтөрүлмөкчү.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button