Коом

«Унаа» мекемеси жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу иш графигин бекитти

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору (Унаа) жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу кыска мөөнөттүү эс алуу күндөрүнө чыгат. Бул тууралуу борбордон кабарлады.

Мекеменин майрамдардагы иш графиги төмөндөгүдөй болот:

— 2025-жылдын 31-декабрында борбордун бардык бөлүмдөрү жарандарды саат 16:30га чейин кабыл алат.

Ал эми “Биримдик-24” филиалы жана Ош аймактык бөлүмү саат 17:30га чейин иштейт.

— 2026-жылдын 1-январынан 11-январына чейин — эс алуу күндөрү.

— 2026-жылдын 12-январынан тарта мекемеде кадимки иш тартиби уланып, жарандарды тейлөөнү кайрадан баштайт.

Борбор жарандарды келе жаткан 2026-жыл менен куттуктап, көрсөтүлгөн иш графигин эске алуу менен иш сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button