Коом
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Арабияга жөнөй баштайт

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 12-июндан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөй баштайт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
«Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 12-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб падышалыгынын Медина шаарына учуп кетишет. Ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча САПка жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салышат»,- дешти.



