Орусияда 1-сентябрдан баштап бакалавр жана магистратура программалары токтотулат

Орус ЖОЖдору жаңы окуу жылынан тартып студенттер бакалавр жана магистр даражаларын алган Болон системасынан баш тарта баштайт, деп билдирди РФнын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги. Анын ордуна базалык жана адистештирилген жогорку билим берүү сыяктуу форматтарды камтыган жаңы модель киргизилет. Базалык билим берүү төрттөн алты жылга чейин, ал эми адистештирилген билим берүү бир жылдан үч жылга чейин созулат.
Министрликтин ТАСС агенттигине билдиргенине караганда, 1-сентябрдан тартып жаңы системаны киргизүүгө алдыңкы ЖОЖдор киришет, ал эми «масштабдуу өтүү» 2027–2028-окуу жылына пландалып, Россиядагы бардык жогорку окуу жайларын «ведомстволук таандыгына жана менчик формасына карабастан» камтыйт. Минобрнауки «студенттер кескин өзгөрүүлөрдү сезишпейт» деп ишендирди.
2023-жылдын май айында президент Владимир Путин Россияда жогорку билим берүүнү реформалоону баштоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Пилоттук долбоор МАИге, МИСиСке, МПГУга, Санкт-Петербург тоо-кен университетине, Кант атындагы Балтика федералдык университетине жана Томск мамлекеттик университетине жайылтылган.
Болон системасы — 1999-жылы Болон декларациясына кол койгон Европанын алдыңкы өлкөлөрү үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде кабыл алынган концепция. Ал жогорку билим берүүнүн эки баскычтуу системасын камтыйт: бакалавриат (төрт жыл) жана магистратура (эки жыл). Азыр Болон процессине 49 өлкө катышат. Россия ага 2003-жылы кошулган.



