Коом

Министрлик студенттерге айып пул салуу практикасын токтотууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менчик формасына карабастан жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына студенттердин окуу сабактарына жана өндүрүштүк практикага келбей калганы үчүн айып пул салуу практикасын токтотууну сунуштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул сунуш студенттердин укуктарын сактоого, окуу тартиби маселелерине карата адилеттүү жана бирдиктүү ыкмаларды калыптандырууга, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө негизсиз каржылык жазалоолорго жол бербөөгө багытталган. Министрлик колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, каржылык санкциялар менен байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонууну сунуштайт.

Демилгени ишке ашыруу алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик-укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди баштайт.

Буга чейин студенттердин сабакка катышпаганы үчүн айып пул салуу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, жазалоо чаралары академиялык мүнөздө гана болушу керек, ал эми акчалай айып салууга жол берилбеши зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button