УКМК: Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, Чүй облусундагы укук коргоо органдарындагы, мамлекеттик түзүмдөрүндөгү коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери тарабынан пара талап кылуу фактысын аныктап, алдын алды.


Тактап айтканда, 2026-жылдын 13-январында «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасында катталган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 150 миң сом өлчөмүндөгү ири суммадагы акча каражатын алып, кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Жайыл райондук ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Ж.А.Ж. кармалып, атайын тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча КР ЖПКнын 96-беренеси менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.



