Окуялар

Бишкек шаарындагы №87 мектепте мугалимдин окуучуну сабаганы иликтенүүдө

Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы №87 мектепте кыргыз тили сабагында мугалимдин өзүн алып жүрүүсүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Ведомство Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча дароо иш алып барууну баштады. Шаардык билим берүү департаменти атайын комиссия түзүп, учурда мектепте жаралган кырдаалды иликтеп жатат. Окуя Билим берүү министринин жеке көзөмөлүндө.

Министрлик ошондой эле алдын алуу чараларын күчөтүүнү жана республика боюнча педагогдор менен кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылды. Билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлүп, мындай кырдаалдардын алдын алууга жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдер өткөрүлөт.

Буга чейин социалдык тармактарда мугалим тактанын алдында турган окуучуну бир нече жолу урганын көрсөткөн видео тараган.

Тектеш кабарлар

Back to top button