Коом

Быйыл Баткен облусу боюнча 53 чакырым жол оңдолот

 2023-жылы Баткен облусу боюнча жалпы 53 чакырым жол оңдолот. Анын 27,4 чакырымына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду курууга мамлекет тарабынан 190 млн сом каралган, 2023-жылга 65,2 млн сом бөлүнгөн.

Баткен районунун Чоң-Талаа – Баткен – Кара-Бак автожолунун 16,2 чакырымына жана Миң-Өрүк айылынын 6,2 чакырым жолуна асфальт төшөлөт, учурда жолду тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушул тапта жолдорго асфальт аралашмасын чыгаруу үчүн асфальт заводу Баткен шаарына көчүрүлүп келип, орнотулууда.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, мындан сырткары, Баткен облусунун аймагындагы 48 жолдо планга ылайык курулуш иштери аткарылууда. Каражат республикалык бюджеттен каралган.

Жыл башынан бери республикалык бюджеттен каржыланган жол куруу жана калыбына келтирүү иштерине 93 млн сом жумшалган.

Аймактагы жол курулуштары облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button