Коом

«Манас» эл аралык аэропортунда тумандан улам авиарейстер кечигүүдө

«Манас» эл аралык аэропортунда тумандан улам авиарейстер кечигүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Анталия, Казань жана Шарм-эль-Шейх багыттарына караган үч таңкы рейс кечиктирилди.

Белгиленгендей, айрым учурларда көрүнүү аралыгы 300 метрге чейин төмөндөп, бул учактардын коопсуз учуусуна жана конушуна мүмкүндүк бербей жатат. Ушуга байланыштуу саат 11:00гө чейин учуу графигинде кошумча өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Жүргүнчүлөргө өз рейстеринин абалын авиакомпаниялардан тактап, маалыматтын жаңылануусуна көз салып туруу сунушталат.

«Манас» аэропортунда туманга байланыштуу олуттуу көйгөйлөр 2025-жылдын аягынан тарта байкала баштаган.

Эске салсак, аэропортко экинчи категориядагы жаңы жарык-сигналдык система орнотулган. Учурда үчүнчү категориядагы жабдууларды орнотуу иштери уланууда, бирок татаал метео шарттарында конуу тууралуу акыркы чечим ар дайым аба кемесинин экипажы тарабынан кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button