Курман Айтта милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт

Курман Айт майрамына карата даярдыктын алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда укук тартибин камсыз кылууга жана мүмкүн болгон укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чараларын күчөтүүдө. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.
2025-жылдын 6-июнунда 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерде жана ага жакын аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.
Милициянын бардык бөлүмдөрүндө саптык кароолор өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди. Жарандар көп топтолгон жерлерде абалды көзөмөлдөө күчөтүлдү.
Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп жаткан мезгилде мыйзамдуулукту сактоо, коопсуздук чараларын күчөтүү, ыкчам кырдаалды көзөмөлдөө жана тартипти камсыз кылуу боюнча кызматкерлерге так көрсөтмөлөр берилди.



