Бекешев курулуш тармагында эмгекти коргоо маселесин козгоду

Кыргызстанда эмгекти коргоо тармагында болгону 28 инспектор иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзам долбоору каралган жыйынында белгилүү болду. Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда эмгекти коргоо нормаларынын сакталышын көзөмөлдөгөн канча адам бар экенине кызыкты.
Эмгек министринин орун басары Камчыбек Досматовдун айтымында, Эмгек министрлигине караштуу эмгекти коргоо кызматы иш алып барып, анда 28 кызматкер эмгектенет.
Депутат бул сандагы кызматкерлер бүткүл республика боюнча, айрыкча курулуш тармагында кырсыктар көп катталып жаткан шартта жетиштүүбү деген суроо узатты. Досматов 2025-жылы 100дөн ашуун өндүрүштүк кырсык катталганын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы суммасы болжол менен 5 млн сом айып пул салынганын маалымдады.
Бекешев ошондой эле курулуш компанияларында коопсуздук техникасынын сакталышын ким көзөмөлдөй турганын сурады. Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу курулуш иштери башталгандан кийин объекттер реестрге киргизилип, коопсуздук шарттары текшерилерин, окуулар өткөрүлөрүн жана каттоо журналдары жүргүзүлөрүн түшүндүрдү.
«2025-жылы жеңил жана оор жаракаттар менен коштолгон он кырсык катталды. Маселен, ири компаниялардын биринин жетекчилери да, тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылбаган мамлекеттик органдардын кызматкерлери да жоопко тартылган учурлар болду», — деди курулуш министринин орун басары.
Ал ошондой эле өткөн жылы коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн 6 млн сом айып пул салынганын, курулуш объекттеринде санариптештирүү жана видеобайкоо киргизилгенин кошумчалады.
Бирок депутатты эң көп тынчсыздандырган маселе — жабыркагандарга төлөнүүчү компенсациялар болду. Ал Ош облусундагы бир окуяны мисал келтирип, курулуп жаткан тогуз кабаттуу үйдүн жогорку кабатынан кулап, майып болуп калган жаран азыркыга чейин мыйзамда каралган компенсацияны ала албай жатканын айтты.
Буга жооп катары Камчыбек Досматов эмгек инспекциясы жылдык текшерүү планынын негизинде иш алып барарын, ошондой эле даттануулар түшкөн учурда пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди.



