Министрлик мобилдик тиркеме аркылуу тез жардам кызматын чакыруу системасын киргизүүнү пландоодо

Депутат Жылдыз Эгембердиева тез жардам бригадасын таксиге окшош мобилдик колдонмо аркылуу чакыруу системасын киргизүүнү сунуштады. Ал 27-январда Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «103» кызматына чалуу чоң көйгөй экенин белгиледи.
«Жарандар үчүн тез жардам унаасы кайсы жерде экенин жана качан келип жетерин көрүп турганы ыңгайлуу жана жакшы болмок. Ал жерде маршрут да көрүнүп турмак», — деди депутат.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримов мындай пландар бар экенин, бирок маселе тез жардам унааларынын жетишсиздигине барып такаларын айтты.
«Негизги көйгөй Бишкек шаарында. Биз төрт-беш подстанцияны уюштуруу үчүн орун даярдап жатабыз, унааларды сатып алуу маселеси каралууда. Калктын саны өсүп жатат, ал эми тез жардам унаалары аз. Бул жылы Бишкектеги маселени чечүүнү пландап жатабыз», — деп кошумчалады министрдин орун басары.



