Коом

Бишкекте банкоматтардын жанына ИИМ кызматкерлеринин манекендерин орнотуу пландалууда

Бишкекте банкоматтардын жанына ИИМ кызматкерлеринин манекендерин орнотуу пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Кыргызстан Банктар союзунун Туруктуу өнүгүү академиясынын директору Рустам Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн жарандар бүгүнкү күнгө чейин телефон алдамчыларынын тузагына түшүп жатышат. Алар жасалма сайттарды, шилтемелерди жана жарыяларды колдонушат.

«Алдамчылар банктардын, уюлдук байланыш операторлорунун атынан чалып, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышат. Алар психологиялык басым жасап, коркутушат, шашылыштыкты баса белгилешет, пайда убада кылышат жана адамдарды манипуляциялашат», — деди Рустам Сарыбаев.

Ал банктар эч качан телефон аркылуу же мессенджерлерде ПИН-кодду, CVV-кодду, SMS аркылуу келген коддорду жана интернет-банкингдин маалыматтарын сурабай турганын белгиледи.

«Эгер сизди шаштырып, нааразы болгон тон менен сүйлөшсө, бул ар дайым алдамчылыктын белгиси. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте адегенде Бишкекте банкоматтардын жанына милиция кызматкерлеринин манекендерин орнотууну пландап жатабыз. Телефон алдамчылары адамды банкоматка чейин “жетелеп”, акча чечтирип, дароо өздөрүнө же шериктерине котортушат. Манекендер адамдын башына бир нерсе келип, бул алдамчылар экенин түшүнүшүнө жардам берет. Ушундай этап-этабы менен кабыл алынган чечимдер аркылуу калкка санариптик сабаттуулукту жогорулатуунун маанилүүлүгүн жеткиргибиз келет», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, манекендерди орнотуу — эл аралык тажрыйбада колдонулган ыкмалардын бири.

Бул максатта борбор калаада 100 объект аныкталды. Кийин бул тажрыйбаны бүт республика боюнча жайылтуу пландалууда, анткени статистика алдамчылардын ишмердүүлүгү региондорго жылып жатканын көрсөтүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button