Пенсиялык системаны реформалоодо автоматташтырылган система ишке киргизилет

Премьер-министр Адылбек Касымалиев менен болгон жолугушууда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев өлкөнүн пенсиялык системасын реформалоонун негизги этабын белгилеген жаңы автоматташтырылган маалыматтык системаны тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, системаны ишке киргизүү Социалдык фонддун ишин модернизациялап, анын натыйжалуулугун жогорулатат. Жаңы технология калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, маалыматтарды иштетүүгө кеткен убакытты кыскартып, коррупциялык тобокелдиктерди жоёт. Санариптик продукт пенсияны жол-жоболоштурууну кыйла жеңилдетет: мындан ары жарандарга кагаз документтерди чогултуунун кереги жок. Система керектүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, арыздарды кароону ылдамдатат. Мындан тышкары, программалык комплекс жеке маалыматтарды коргоонун жогорку деңгээлин камсыздап, киберкоркунучтарга натыйжалуу каршы турат.
Адылбек Касымалиев ырааттуу реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, ведомствонун башкы приоритети пенсионерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин баса белгиледи.





