Tesla компаниясы электромобилдерди токтотуп адам сымал роботторду чыгарууну пландоодо

Tesla компаниясынын башчысы Илон Маск Model S жана Model X электромобилдерин чыгарууну токтотуп, заводду Optimus аттуу адам сымал роботторду чыгаруу планы бар экенин билдирди. Бул тууралуу «Би-би-си» маалымдады.
«Негизи, Model S жана Model X программаларын жыйынтыктоого убакыт келди», — деди Маск инвесторлор менен болгон конференц-байланышта.
Анын айтымында, Tesla кийинки кварталда Model X кроссоверин жана Model S толук көлөмдөгү седанын чыгарууну токтотууну көздөп жатат.
Масктын сөзүнө караганда, Калифорния штатындагы Фримонт шаарында жайгашкан, буга чейин Model S жана X чыгарылган завод адам сымал Optimus роботторун өндүрүүгө ылайыкташтырылат.
Ошондой эле Маск инвесторлорго 2025-жылы Teslaнын жалпы кирешеси 3 пайызга азайганын, ал эми жылдын акыркы үч айында пайдасы 61 пайызга кыскарганын билдирди.
Январь айында кытайлык BYD компаниясы Teslaны артта калтырып, дүйнөдөгү эң ири электромобил өндүрүүчү болду.
Мындан тышкары, Масктын саясий активдүүлүгү Teslaнын айрым кардарларын алыстатып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө компаниянын дилердик борборлорунун жанында нааразылык акциялары өттү.
Teslaнын мурдагыдай электромобилдерге басым жасоодон баш тартуусу АКШнын президенти Дональд Трамптын ички күйүү кыймылдаткычы жок автоунааларды колдоо боюнча айрым мамлекеттик программаларды кыскартуу чечими менен дал келди.



