Коом
Чет өлкөлүк куткаруучулар Кыргызстандын тоолорунда машыгууда

ӨКМ билдиргендей, алар бийик тоолорго чыгып, тоодо калып калган, жабыркаган жарандарга жардам бергенди үйрөнүп жатышат. Окутуунун алкагында чет өлкөлүк куткаруучулар Чуңкурчак, Татыр тоолоруна, Ала-Арча капчыгайына, Кегетидеги Көл-Төр бийик тоолуу көлүнө жүрүш жасап, Семеновка, Григорьевка капчыгайларында машыгышкан.



