Кызыктар

Февраль айында Жердин жашоочулары Күн системасындагы алты планетаны көрө алышат

Февраль айында Жердин жашоочулары Күн системасындагы бардык планеталарды, Марстан башкасын, байкай алышат. Бул тууралуу 1-февралда ТАСС агенттигине Урал федералдык университетинин окуу астрономиялык обсерваториясынын инженери Владилен Санакоев билдирди.

«Горизонтко жакын жерден жаркыраган Венера планетасын көрүүгө болот, андан бир аз жогору жана асмандын түштүк тарабында кезеги менен Меркурий, Ай, Сатурн жана Нептун көрүнөт (Нептун телескоп аркылуу гана көрүнөт)», — деди окумуштуу.

Анын айтымында, февралдын аягында асманды караганда Күн системасындагы бардык планеталарды, Марстан башкасын, көрүүгө мүмкүн болот. Айды 18-февралдан кийин кечки асмандан байкоого шарт түзүлөт. Мындан тышкары, 17-февралда Антарктидада шакек түрүндөгү Күн тутулуу байкалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button