Коом

Министр ординатурага кабыл алууда экзамен киргизүүнү сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясынын жүрүшүндө ординатурага кабыл алуу системасын реформалоого да көңүл бурулду.

Министр Дамир Осмонов бирдиктүү экзамен киргизүүнү жана медициналык адистиктер боюнча орундардын санын саламаттык сактоо системасынын иш жүзүндөгү муктаждыгына жараша аныктоону сунуштады. Бул максатта Саламаттык сактоо министрлиги адистиктер жана аймактар боюнча кадрларга болгон муктаждыкты аныктоонун санариптик механизмин иштеп чыгууда. Министр жыл сайын билим берүү жана медициналык уюмдар ординатурага кабыл алууну пландоого негиз боло турган ишенимдүү маалыматтарды өз убагында бериши зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле максаттуу даярдоо механизмдерин өркүндөтүү маселеси талкууланды. Министр максаттуу окутуунун шарттары бузулган учурда тараптардын жоопкерчилигин, анын ичинде жогорку курстарда студенттерди бюджеттик окуудан контракттык окууга которуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button