Окуялар
Лебединовкада автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды

Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды.
Кырсык бүгүн эртең менен Жеңиш проспектинде болгон. Тез жардамга чакыруу саат 07:43тө түшүп, беш бригада тартылган.
Үч жабырлануучу мээсинен жаракат алып, оорукананын нейротравма бөлүмүнө, дагы бири бетинен жаракат алып, жаак-бет хирургиясына жаткырылган. Автобустун 43 жаштагы айдоочусунун буттары кысылып калган.
Жаш бала тез жардам бригадалары келгенге чейин ооруканага жеткирилген.



